Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Кыргызстандан Сирияга 70тен ашык адам кеткени белгилүү болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, жарандык согуш жүрүп жаткан бул өлкөгө диний үгүттөн улам кеткендер арбын болууда. Айрымдар алданып, кайра мекенине кайтып келүүдө. Мында өлкөнүн коопсуздук органдары Түркиянын полициясы менен биргеликте иш алпарып жатат. Сулайманов кошумчалагандай, Сириядагы согушка үгүттө иштерин жүргүзүп, террордук топтор менен байланышы бар делген 25 адам камакка алынды.

Буга чейин УКМК Сирияга кеткен кыргызстандыктардын экөө каза болгонун кабарлаган. Кыргызстандын дин башкармалыгы болсо кыргызстандыктарды Сирияга барбоого чакырып келет..(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG