Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Москвада чет жердеги кыргызстандыктардын курултайы уланууда


Бүгүн Москва шаарында чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын үчүнчү курултайы уланып жатат. Бирок ага чакырылган расмий өкүлдөр катышкан жок. Кечээ курултайга Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов катышып жаткан.

Курултайдын экинчи күнү ар кыл мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын миграция маселелерине жана анын көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулоого арналууда. Түштөн кийин делегаттар 5 секцияга бөлүнүп курултайдын жүрүшүндө айтылган сунуштар боюнча атайын резолюция даярдашат.(SK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG