Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Ооган президенттигине талапкер Абдулланын туруму чыңдалды


Абулла Абдулла.

Абулла Абдулла.

Шайлоонун экинчи айлампасына чыккан Абдулла Абдулланы эми мурдагы атаандаштарынын бири Залмай Расул колдой турган болду. Учурдагы президент Хамид Карзайдын жакынкы кызматташы Расул 5-апрелдеги биринчи айлампанын жыйынтыгында үчүнчү орунду алган. Залмай Расул экинчи айлампада Абдулла Абдулланы колдой турганын анын өкүлү Жавид Файсал Кабулдагы бүгүнкү басма сөз жыйында жарыялады.

Мурдагы тышкы иштер министри Абдулла биринчи айлампанын натыйжасында 44,9% добуш топтоп, биринчи орунду ээлеген. Экинчи орунду 31,5% добуш менен мурдагы каржы министри Ашраф Гани алган.

Шайлоонун экинчи айлампасы 7-июнда болот. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG