Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Таиландда кыргыз балбаны Азия чемпиондугун алды


Бангкок шаарында өтүп жаткан улан-кыздар арасындагы Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Роман Ким 100 килограмм салмакта Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу Грек-рим күрөшү федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ким финалда ирандык атаандашын артыкчылык менен утуп алган. Муну менен катар 85 килограмм салмакта Ильгиз Билимов коло байге үчүн күрөштө өзбекстандык жигитке алдырып койду.

Эркин күрөш таймашында 46 килограмм салмакта кыргызстандык Бекболот Мырзаназар уулу жана 58 килограмм салмакта Бакберген Үсөнов да коло байгени колдон чыгарып, ирандык атаандаштарынан жеңилип калды. Тайланддагы таймашууда 9-майда грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Ренат Ильяз уулу 63 килограмм салмакта финалда ирандык Мехди Зейдванды утуп, Азия чемпиону болгон. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча жаш балбан Хожиакбар Абилкасимов коло байгелүү болду. Кыздар арасында эркин күрөштө Ажар Замир кызы финалга чейин жетип, күмүш медаль утуп алды.

Бангкоктогу чемпионатка кыргызстандык 29 балбан катышууда. Азия чемпионатында алтын байге уткан Ренат Ильяз уулуна августта Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын олимпиадасына жолдомо ыйгарылды.(КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG