Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Расмий Киев чыгыштагы референдумдарды “фарс” деп атады


Донецктеги добуш берүү. 11-май, 2014-жыл.

Донецктеги добуш берүү. 11-май, 2014-жыл.

Украин тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Донецк жана Луганск облустарынын аймагындагы бүгүнкү добуш берүүнү “криминалдык фарс” деп атап, аны “Кремль уюштуруп, каржылаганын” баса көргөздү. Президенттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Сергей Пашинскийдин айтымында, бүгүн Донецк жана Луганск аймактарынын үчтөн эки бөлүгүндө эч кандай референдум өткөн жок. Бирок референдумду уюштургандардын ырастоосунда, добуш берүүгө калк жигердүү катышууда.

Референдумду Донецк менен Луганскта “элдик республикалар” түзүлгөнүн жарыялагандардын шайлоо комиссиясы уюштурду. Ага бул аймактардын “өз алдынчалыгы” жөнүндө маселе чыгарылды. Донецктеги шайлоо комиссиясынын башчысы Роман Ляхин билдиргендей, аларда референдумга келгендердин саны 50 пайыздан ашкан.

Донецк шаарындагы шайлоо бекеттеринен эл добуш берүү үчүн кезек күтүп туруганы байкалды. Бирок башка аймактарда шайлоо бекеттери ачылган эмес.

Орусиячыл жикчилердин лидерлеринин айтымында, полиция Донецк чөлкөмүнүн батыш бөлүгүндөгү бекеттерге шайлоочулардын келшине жолтоо кылган.

Өзүн Луганск аймагындагы жикчилердин лидеримин деп атаган Алексей Чимиленконун ырастоосунда, аларда добуш бергендер саны 80 пайыздан ашкан.

Бүгүнкү референдумдарды Батыш өкмөттөрү да тааныган жок. АКШ референдумдарды “мыйзамсыз” деп атап, анын максаты - Украинаны мындан ары да бөлүп-жаруу жана башаламандык уюштуруу экенин белгиледи. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG