Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:43

Иракта согушкерлер 20 аскерди тындым кылды


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, алардын көбү аскерий базадан уурдалып кеткенден кийин өлтүрүлгөн. Куралчан согушкерлердин жоон тобу Мосул шаарынан түштүк тарапта жайгашкан аскерий базага кечээ кол салышкан. Ал жерде мунай куурун жана кан жолду кайтаруу милдети жүктөлгөн жоокерлер жайгаштырылган эле.

Мындан бир айча мурда да согушкерлер Мосулдун батыш тарабындагы аскерий базага кол салганда 12 жоокерди өлтүрүшүп, 15ин жарадар кылышкан.

Иракта быйылкы жыл ичи эле түрдүү кыянатчылыктардан үч миңге жакын кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG