Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Украина: Красноармейскте ок атылып, бир адам өлдү


Маалыматтарга караганда, Украинанын Улуттук гвардиясынын жоокерлери шаардык кеңештин сыртында топтолуп тургандарды көздөй ок чыгарган. Айрым күбөлөрдүн айтымында, ок көчөдөгүлөр жоокерлердин жолун торогондон кийин атылган.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилердин лидерлеринин бири Денис Пушлиндин Итар-Тасс агенттигине айтканына караганда, мындан бир адам мерт болду.

Ок атылгандан кийин жерде эки адам жатканына Ассошейтед Пресс агенттигинин фотокабарчысы да күбө болгон.

Красноармейск - Донецктен 30 чакырымдай аралыкта жайгашкан шаарча. Улуттук гвардиянын жоокерлери ал жерге 11-майдагы референдумду өткөртпөө үчүн келишкен эле. (UE)

XS
SM
MD
LG