Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Иран “ядролук апартеидди” кабыл албайт


Мындай билдирүүнү Ирандын президенти Хасан Роухани 11-майда жасады. Ал ири алты мамлекет менен сүйлөшүүдө Тегеран “илимий-ядролук апартеидди” кабыл албайт деп белгиледи. Ошол эле мезгилде мамилелерде ачыктыкты жактарын айтып, Ирандын “ядролук технологиялары талкууга алына турган маселе эмес” деди.

Ирандын ядролук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгүн 13-майда баштоо макулдашылган. Иран жана ири алты мамлекет жетишкен убактылуу келишимге ылайык Иран ядролук программасын кыскартууга барса, Батыш өлкөлөр экономикалык санкцияны азайтууда. (AiT)
.

XS
SM
MD
LG