Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Өкмөттүн Баткендеги өкүлүн колдогондор митингге чыкты


Кызыл-Кыя шаарында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковду колдогон митинг болду. Мэриянын жанына чогулган жүздөй адам “Разаков өз ордунда калышы керек” деген талап менен чыгышты. Алар менен шаар мэри сүйлөшкөн соң тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү журналисттер кабарлашты.

Өткөн жумада кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам баткендиктер облус жетекчисин кызматтан алып, ордуна мурдагы губернатор Мамат Айбалаевди коюуну талап кылышкан.

8-майда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Айбалаевди облус жетекчилигине дайындоо талабын өкмөткө жеткирүүгө убада берген. Талапты аткарууга жарандар 3 күн мөөнөт коюшкан. (SE)

XS
SM
MD
LG