Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Баткен: митингчилер президент келишин талап кылууда


Митингге күч кызматкерлери көз салып турат. Баткен, 12-май, 2014
Митингге күч кызматкерлери көз салып турат. Баткен, 12-май, 2014
Баткенде чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылгандар өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн алдында митинг өткөрүп жатат. Учурда акцияга 300дөй киши топтолду. Абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Облустук бийликтин имаратын милиция курчоого алган.

Ушул тапта митингге чыккандардын өкүлдөрү менен облус жетекчиси Жеңиш Разаков обладминистрациянын ичинде сүйлөшүу жүргүзүп жатат. Митинг катышуучулары президент аймакка келип, ”чек ара маселесин өз көзү менен көрсүн” деген талапты коюшту.

7-8 май күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам, баткендиктер облус жетекчисин кызматтан кетирип, маселени чече ала турган кишини алып келүүнү талап кылышкан. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бул талапты өкмөткө жеткирүүгө убада берген. Жергиликтүүлөр маселе 3 күндө чечилбесе, митинг башташаарын билдиришкен.

Өткөн аптада Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан 17, тажик тараптан 8 адам адам жараат алып, кыргыз айылдарындагы дүкөндөр жана унаалар өрттөлгөн.

Бүгүн Тажикстанда эки мамлекеттин өкмөт өкүлдөрү чек ара маселеси боюнча жолугуп, эки күндүк сүйлөшүүлөрдү баштады. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG