Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Медайымдар күнү белгиленүүдө


Медайымдардын эл аралык күнүн бүгүн Кыргызстандын медицина тармагында иштегендер да белгилөөдө. Улуттук онкология борборунда медайымдардын саламаттыкты сактоо тармагындагы ролу жана ордун талкуулаган жыйын өттү.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 30 миңден ашуун медайым иштейт. Адистердин айтымында, сыркоо адамды медициналык жактан тейлөөдө негизги күч дал ушул адистерге келгендиктен алардын эмгеги зор.

Бул күн 1953-1956-жылдардагы Крым согушу учурунда алгачкы мээрман дарыгерлер кызматын уюштурган англиялык Флоренс Найтингейл айымдын туулган күнүнүн урматына жыл сайын белгиленип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG