Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Брюсселде Украинадагы кризис талкууланат


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы кризисти талкуулашат. 12-майда Брюсселде болчу жыйында Украинадагы кризиске тиешеси бар компанияларга каршы санкцияны кеңейтүү, ошондой эле алардын мүлк-дүйнөсүн убактынча камакка алуу маселеси каралмакчы. Евробиримдиктин Кеңешинин төрагасы Герман Ван Рөмпей Киевге учуп барып, 25-майдагы президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүнүн жолдорун сүйлөшөт.

Биримдик Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын күнкорсуздугу боюнча 11-майда болгон референдумду мыйзамсыз деп жарыялады. Жикчилдердин шайлоо комиссиясынын билдиришинче, Донецкиде добуш бергендердин 90 процентке жакыны, Луганцкиде 96 проценти региондун өз алдынчалыгын колдошкон.

Кремль береги эки региондун элинин эркин урматтарын билдирди.

XS
SM
MD
LG