Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Өкмөт Бажы биримдиги боюнча жол картасын жактырды


Өкмөт Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картанын долбоорун парламентке жөнөтүү чечимин кабыл алды. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев башында турган жумушчу топ долбоорго байланыштуу бүгүн жабык жыйын өткөрүп, аны жактырганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстандын бул уюмга кириши коомчулукта талаш-тартышты жаратып келет. Биримдикке кирүүгө каршы бир нече жолу нааразылык акциялары да болгон.

“Кыргызстан Бажы бирлигине каршы” кыймылы жакында кайрылуу жасап, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары жана сүйлөшүүлөр коомго ачык-айкын айтылбай жатканы сынга алган. (SE)

XS
SM
MD
LG