Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Жикчилер Украинанын чыгышында президенттик шайлоо болбосун айтууда


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер 25-майда бул аймактарда президенттик шайлоо болбойт дешүүдө. Жикчилдер жарыялаган “Донецк Элдик республикасынын” лидеримин деген Денис Пушилин “Орусия-24” телеканалына телефондон сүйлөп, облус эми Киевге баш ийбесин айтты:

- Референдумдун жыйынтыгына ылайык, биз эгемендик алабыз. Мындан ары биздин саясый-экономикалык кызыкчылыгыбызга жараша аракеттенебиз.

Өзүн жикчилер түзгөн “Түштүк-чыгыш армиясынын” өкүлүмүн деген Васил Никитиндин билдиришинче, “Луганск Элдик республикасынын” аймагында 25-майда президенттик шайлоо болбойт.

Жогорудагы эки облуста жикчилдер өткөргөн 11-майдагы референдумду Украин өкмөтү жана көпчүлүк Батыш мамлекеттери, анын ичинде 28 өлкөнүн башын кошкон Евробиримдик мыйзамсыз деп аташкан.

Орусия жогорудагы эки региондун “элинин эркин сыйлаарын” билдирип, анын жыйынтыгы Украин өкмөтү менен Донецк жана Луганскинин жетекчилери арасындагы “цивилизациялуу жол менен өтчү” сүйлөшүүдө жүзөгө ашырылыш керек деди.

XS
SM
MD
LG