Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси Москвада каралат


Экономика министри Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, бүгүн Москвада Евразия эркин экономикалык аймагынын комиссиясынын жыйыны болуп, анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" каралат:

- Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы болот. Ошол жерде "жол картасын" карап чыгышат. Бул алар менен макулдашылган. Алардын өз жол-жоболору бар. Мына ошонун чегинде барышат.

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасын" 12-майда жактырып, парламенттин кароосуна жиберди. Жогорку Кеңеш Бажы биримдигинин оң жана терс жактары боюнча парламенттик угууну 20-майга белгиледи.

Май айынын соңуна Астанада Евразия экономикалык аймагына кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити белгиленген. Ал саммитте Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу боюнча чечим кабыл алынат. Астана саммитине кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев катышарын Темир Сариев кошумчалады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG