Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Ноокен райондук аскер комиссариатына карата кылмыш иш козголду


УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдиргендей, Ноокен райондук аскер комиссариатынын жооптуу кызматкерлери 51 миң 800 сомду өз кызыкчылыгына пайдаланганы аныкталды. Алар акчаны альтернативалык кызмат төлөмдөрүнүн эсебинен колдонгону жана акы төлөөчүлөргө жасалма эсеп-дүмүрчөк жазып бергени үчүн күнөөлөнүп жатат.

Райондук аскер комиссариатына Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү жок кылуу же өзүнө ыйгарып алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG