Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Кыргызстандан чет жакка бала асыроого кайрадан уруксат берилди


Социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргызстандык балдарды асырап алууну уюштуруу үчүн чет элдик 7 уюмга сертификат берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.

Алардын бирөө Швецияга, алтоо Кошмо Штаттарга таандык. Министрликке жалпысынан балдарды асыроо менен алектенген чет элдик 17 уюм арыз берген. Анын ичинен алтоо талапка жооп бербегени үчүн министрлик аларды каттоодон баш тартты. Дагы төрт уюмдун арызы текшерилип жатат.

2012-жылы токтотулган балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги быйыл жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданды. Эки жыл мурун Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги мыйзамсыз иштер аныкталып, балдарды чет элдик уюмдар аркылуу асыроого берүү да токтогон.

Кыргызстанда акыркы үч жылда асыроого 3600дөн ашуун бала берилген. Алардын дээрлик бардыгын жергиликтүү тургундар багып алса, чет элдик жарандар 9 баланы алып кеткен. Учурда асырап алууга бериле турган 168 бала бар. (SE)

XS
SM
MD
LG