Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

HRW: Сирия чабуулдарда хлор газын колдонгон


Эл аралык Human Rights Watch уюму жакында чыгарган отчетунда Сирияны “өкмөттүк күчтөр апрель айында үч шаарга жасаган чабуулда хлор газын колдонгон” деп айыптады.

HRW сириялык тик учактар хлор газы бар челектер жабыштырылган бомбаларды Кафырзайта​, Алтемана жана Телманс шаарларынын үстүнө ыргытканынын далилдерин чогултканын билдирди.

Уюм шаардагы күбөлөр, беш медицина кызматкери менен сүйлөшүп, фото жана видео чогулткан. Күбөлөрдүн айтымында, жардыруулардын алдында тик учактар көрүнө электе эле ар кандай жагымсыз жыттар тараган.

Чабуулдар 11-21-апрель аралыгында болгон. Анда 11 адам мерт кетип, беш миңге жакын адам хлор газынын кесепетинен жабыркаган.

XS
SM
MD
LG