Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Жалал-Абадда диний кастык козуткан 30 факт катталды


Жалал-Абадда төрт айда диний кастыкты козутуу боюнча 30 факт катталды. Анын 23үнө кылмыш иши козголду. Калганына азырынча далил жетишсиз болуп турат. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

12-май күнү Сузак районунун Жаңы-Чек айылынын тургунунун үйүнөн “Хизб ут-Тахрирдин” ишмердүүлүгүн жайылтууга багытталган 49 диск жана кол жазмалар табылды. Ушул эле айылдын дагы бир жашоочусунан 14 даана китеп жана баракчалар алынды.

Экөөнүн үстүнөн тең тергөө жүрүп жатат. (YA\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG