Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 22:56

Франция президентинин Түштүк Кавказга сапары аяктады


Франсуа Олланд Кавказ мамлекеттерине сапарын Тбилисиде жыйынтыктады. Грузияда ал президент Георгий Маргелашвили, премьер-министр Ираклий Гарибашвили менен жолугушуп, Грузиянын НАТОго жана Европа Биримдигине интеграциясы боюнча сүйлөштү. Грузин өкмөт башчысы Гарибашвили Франсуа Олланд менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында Украинада 25-майга белгиленген президенттик шайлоону колдоого алды, ал эми Украина чыгышындагы референдумду жикчил деп атады. Франция президенти Түштүк Кавказ мамлекеттерине сапарында Азербайжан жана Арменияда болду. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG