Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Лейлекте эски кудуктан граната табылды


Баткендин Лейлек районунун Катран айылындагы эски кудуктан танкка каршы граната табылды. ПГ-7 үлгүсүндөгү куралды 13-май күнү аймактагы чек ара отрядынын аскерлери көрүп калган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, ал танкка каршы колдонулган гранатомет аркылуу атылат.

Окуя боюнча тийиштүү документтер толтурулуп, УКМКга өткөрүлүп берилди.

Лейлек району Тажикстан менен чектешет. (SE)

XS
SM
MD
LG