Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 21:22

Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча талкуу өтөт


Киевде бүгүн Украинадагы коомдук-саясый абалды турукташтыруу маселесине арналган талкуу өтөт. Аны өкмөт "конституциялык реформа жана улуттук биримдик" үчүн уюштурду. Жолугушууга өкмөт, парламент, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат, бирок орусиячыл жикчилердин башчылары келген жок.

Кечээ Украинанын Краматорск шаарында орусиячыл жикчилер уюштурган кол салууда алты аскер мерт болуп, тогузу жараат алган. Өлкөнүн Башкы штабы билдиргендей, атышуу маалында десантчылар бир БТР жана миномет коюлган унаасын жикчилерге тарттырып жиберди. Кол салгандар снайпердик жана украин армиясында жок башка курал алып жүргөнү да айтылды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG