Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Кара-Балтада “Жунда” заводуна каршы митинг өттү


Кара-Балта шаарында бүгүн кытайлык мунай иштетүүчү “Жунда” заводуна жер берилишине каршы митинг өттү. Элүүдөн ашуун жергиликтүү тургун катышкан акция тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруучулардын бири, экологияны коргоо боюнча “Асыр” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Карыпбек Серенов билдирди. Алар компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууну да талап кылышты.

“Жунда” заводуна 217,7 гектар жер аянтын 49 жылга ижарага берүү боюнча токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 31-мартта кол койгон.

Кара-Балтада заводдун иштешине каршы бир топ убакыттан бери нааразылыктар уланып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG