Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Жалал-Абадда иштеген кытайлардын коопсуздугу талкууланды


Бүгүн облустук милиция башчысы Жеңишбек Жоробеков жана ИИМдин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Сайпидин Камалов Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Чжу Ван И менен жолукту. Жолугушууда облустагы жалпы абал, экстремизм менен терроризмге, маңзат ташуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, чек ара жана облустун ар кайсы тармактарында иштеп жаткан кытайлык жарандардын коопсуздугу талкууланды. Кытай өкүлү Жалал-Абадда иштеген кытай жарандары менен да өзүнчө сүйлөштү. Бул тууралуу 14-майда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Облустун "Байэл" базарында, Ала-Бука, Чаткал райондорундагы алтын өндүрүүчү ишканаларда, Базар-Коргон районундагы "Датка-Кемин" подстанциясынын курулушунда кытай жарандары иштейт. Болжол менен алардын саны миңдин тегерегинде. (YA)

XS
SM
MD
LG