Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Ноокенде эки жашар наристе кыз сууга агып кетти


Жалал-Абаддын Ноокен районунда Рахманжан айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Кызжибек Аширали кызы бүгүн, 14-майда саат 10:00дөр чамасында айылдагы каналга агып кеткен. Куткаруучулар барганча жергиликтүүлөр өздөрү Кызжибектин жансыз денесин суудан алып чыгышкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук өрткө каршы кызматынын бөлүм башчысы Чынарбек Шекенов билдирди.

Жыл башынан бери түрдүү кырсыктын кесепетинен Жалал-Абад облусунда беш өспүрүмдүн өлүмү катталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG