Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Ооганстанда шайлоо жыйынтыгы бүгүн жарыяланган жок


5-апрелдеги президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын бүгүн күтүлгөн расмий жыйынтыгы кеминде бир-эки күнгө кечигип чыкчудай.

Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын өкүлү Нур Мухаммад Нурдун айтымында, бийлик биринчи айлампадагы арыз-даттануулар боюнча жыйынтык документти ала элек.

Ооган шайлоосунун буга чейинки бейрасмий жыйынтыгы экинчи айлампага мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен мурдагы каржы министри Ашраф Гани чыкканын көргөзгөн.

Ал эми биринчи айлампада үчүнчү орун алды деген саясатчы Залмай Расул экинчи айлампада Абдулла Абдулланы колдой турганын өткөн апта соңунда жарыялады. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG