Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Грузия ЕБ менен келишимге 27-июнда кол коет


Бул тууралуу 14-майда грузин өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили менен Тбилисидеги жолугушуудан кийин Европа Биримдигинин төрагасы Херман Ван Ромпей билдирди.

Европа Биримдиги менен келишимге баруу менен Грузия "күчтүү демократиялык институттарды, адам укуктарын сыйлоону жана мыйзамдуулукту жогору коюуну тандаганын көрсөтөт" деп белгиледи Ван Ромпей.

Европа Биримдиги менен ассоциация келишимине 27-июнда Молдова да кол коерун Херман Ван Ромпей мындан бир күн мурун билдирген эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG