Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

ЕККУ Украина боюнча диалогго жогору баа берди


ЕККУ салгылашуу уланып жаткан Украина боюнча диалогго жогору баа берди.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинадагы конституциялык реформаны жана өлкөнүн чыгышындагы кризис боюнча улуттук диалогдун башталышын колдогон билдирүү жасады. Уюмдун учурдагы төрагасы Диде Буркхалтер Киевде кечээ өткөн талкуу «конструктивдүү болуп, анын башка аймактарда уланышына багыт бергендигин» белгиледи.

Мурдагы жетекчилер, өкмөт өкүлдөрү, мыйзамгерлер катышкан жыйында өлкөнүн чыгышында куралдуу күрөш жүргүзүп жаткан жикчилерден эч ким болгон жок.

Президенттин кызматын аткарып жаткан Александр Турчинов өкмөт диалогго даяр экенин, бирок «орусиялык жикчилер украин өкмөтүн сестенте албай турганын» билдирди. Ал арада Украинанын коргонуу министрлиги Краматорск шаарына жакын жерде козголоңчуларга каршы операция уланып жатканын бышыктады.

XS
SM
MD
LG