Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Киевде азери диаспора лидери кол салуудан ооруканага түштү


Украинадагы азербайжандардын Бириккен курултайынын жетекчиси Киевде оор абалда ооруканага жаткырылды. Азербайжандагы маалымат каражаттарынын жазышынча, Ровшан Тагиевге кечээ Киевдин борборунда номерсиз машинадан ок ачышкан.

Кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүштү. Алар түшкөн машинанын өрттөлгөн калдыгы кийин Киевдин башка районунан табылды. Ийининен ок жеген Тагиевдин абалы оор, бирок туруктуу экендиги кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG