Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Ош: Шаардык кеңеш газ боюнча өкмөткө кайрылды


Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жолдонгон катта шаардык кеңештин депутаттары көгүлтүр оттун жоктугунан Ош шаарында электр энергиясына күч келип, калктын жашоосу оорлоп жатканы айтылат. Бул аймакта кооптуу жагдай жаратып жатканы жана газ маселесин тезирээк чечүү керектиги аталган кайрылууда белгиленет.

“КыргызГазды” Орусиянын “Газпромуна” сатып элди газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну убада кылган өкмөт айткан сөзүн аткарбай жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Катка Ош шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов баштаган жергиликтүү кеңештеги төрт фракциянын лидерлери кол койгон.

Учурда Ош шаарында жана Кара-Суу районунда 60 миңдей газ абоненти көгүлтүр отсуз олтурат. 14-апрелде Ош шаарына Өзбекстандан газ келбей калган. Буга газ келишиминин мөөнөтү аяктаганы себеп болгон. Буга чейин өкмөт Өзбекстандын “Узтрансгазы” менен орусиялык “Газпром” сүйлөшүп жатканын билдирген. Бирок майнап жок болууда.(ErN/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG