Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды.
Жылына бир жолу Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстандагы экономиканын абалын талдап, өз баасын берген отчетун өкмөткө тапшырат. Эртең, 16-майда кезектеги отчет жарыяланат. (BkA)
Жылына бир жолу Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстандагы экономиканын абалын талдап, өз баасын берген отчетун өкмөткө тапшырат. Эртең, 16-майда кезектеги отчет жарыяланат. (BkA)