Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

Түркияда президент кырсык болгон шахтага барды


Абдулла Гүл өлкөнүн тарыхындагы эң ири өнөр-жай кырсыгы болгон Сома шаарындагы шахтага барды. Ал келген тапта куткаруучулар урандыдан дагы сегиз кишинин сөөгүн таап чыгышты. 13-майда кыйраган шахтада дагы 120дан ашык кишинин дайны табылбай калды. Бүгүндөн тартып Түркияда үч күндүк аза күтүү өтүп жатат.

Өлкөнүн батышындагы Сома шаарындагы сөөктү жерге берүү зыяпатына миңдеген киши келди. Коңшулаш Измир шаарында полиция өкмөттүн шахта боюнча аракеттерине нааразы болуп, демонстрацияга чыккан 20 миңдей кишиге каршы ачуу газ чачып, аларды суу менен атты. Түркиянын эң ири кесиптик кошууну бүгүн иш таштоо жарыялады. Иш таштоого ири ишканалардан жумушчулар катышты.

XS
SM
MD
LG