Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Тажик президентинин кызы кызматка көтөрүлдү


Озода Рахмон, тажик президентинин кызы.
Озода Рахмон, тажик президентинин кызы.
Тажикстанда президент Эмомали Рахмон кызын жогорку кызматка көтөрдү. Рахмондун кызы Озода Рахмон тышкы иштер министринин орун басарынан тышкы иштер министринин биринчи орун басарлыгына көтөрүлдү. Ал арада Рахмондун күйөө баласы Ашраф Гулов Тажикстандын Орусия Федерациясындагы башкы консулу болуп дайындалды.

Бүгүнкү жардыгы менен президент ошондой эле Тажикстандын Египет, Германия, АКШдагы элчилерин алмаштырды. Өткөн аптада Рахмондун жээни Сурожиддин Гулмуродов президент туулган Хатлон областына башкы салыкчы болуп бекиген эле. Рахмондун дагы бир күйөө баласы Жамолиддин Нураев көп жылдардан бери каржы министринин биринчи орун басары болуп иштейт. Президенттин тун уулу Рустам Эмомали былтыр жыл этегинде Тажикстандын бажы кызматынын жетекчилигине дайындалган.

XS
SM
MD
LG