Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Жогорку Кеңеш Бажы биримдиги боюнча парламенттик угуу өткөрөт


ЖКнын кабарлоосуна караганда, парламенттик угуу 20-майда өтөт. Анда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Улуттук банктын жетекчилиги Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча маалымат берет. Парламенттик угууларга саясий партия, өкмөттүк эмес уюм, ишкерлер жана коомдук ишмерлер чакырылган. Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү боюнча чечим кабыл алып, аны парламентке жөнөткөн.

29-майда Астанада Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюу белгиленген. Мына ошол саммитте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча чечимдин кабыл алынышы да күтүлүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG