Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи туру болот


Экинчи айлампага мурунку тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана мурунку каржы министри Ашраф Гани чыкты. Өлкөнүн көз карандысыз шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, шайлоонун экинчи туру 14-июнда болот. Биринчи турдун такталган жыйынтыгына ылайык, Абдулла Абдулла 45%, Ашраф Гани 31.6% добуш алды. Абдулла Абдулла бул жыйынтыкты кабыл алганын билдирди:

- Бүгүнкү жыйынтык акыркы такталганы. Биз аны Ооганстан калкындай эле кабыл алдык. Биз экинчи тур мыйзамга ылайык жана ачык болоруна үмүт артабыз.

Ооганстанда президенттик шайлоонун биринчи туру 5-апрелде болгон. Эки мөөнөт кызматта отурган азыркы президент Хамид Карзай үчүнчү ирет шайлоого катыша албайт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG