Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Керри Москваны Украинада шайлоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды


25-майда Украинада боло турган президенттик шайлоого Москва жолтоо болсо, анда ага жаңы экономикалык санкциялар киргизилерин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри шаршемби күнү Лондондо өткөн эл аралык жыйында билдирди. Ал ошондой эле бул маселе боюнча Европа өлкөлөрү аны менен пикирлеш экенин белгиледи.

Батыштын тышкы иштер министрлери Орусиянын экономикасындагы ири тармактарга, газ, көмүр өнөр жайларына санкция киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Өз кезегинде Орусия Украинанын газ үчүн карызы 3.5 млрд. долларга жеткенин, эгерде аны төлөө чечилбесе, газ берүү алдын ала төлөөлөргө ылайык жүргүзүлөрүн билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG