Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Көлдөгү “Каркыра - Кеген” өткөрмө бекети кайра ачылды


Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, бүгүнтөн тарта Ысык-Көлдүн Түп районунда кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра - Кеген” көзөмөл-өткөрмө бекети кайрадан иштей баштады. Бекет эртең мененки саат 8.30дан кечки саат 18.30га чейин ачык болмокчу.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге ылайык, аталган өткөрмө бекет май айынан октябр айына чейин ачык болот.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 чек ара бекети бар. Учурда алардын ичинен cегизи иштеп жатат. Ал эми төртөөнү 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин расмий Астана бир тараптуу жаап салган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG