Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Украина чыгышында атышуу токтой элек


16-майда таңга жуук украин армиясы Славянск шаарынын четиндеги жикчилер турган жерлерди артиллериядан аткылады. 15-майда башталган атышуу бүгүн (16-май) Андреевка, Семеновка кыштактарынын жана Красный Лиман шаарынын жанында, ошондой эле Карагун тоосунда уланганын козголоңчулардын өкүлү билдирди.

Донецкилик жикчилердин командиримин деген Сергей Здрилюктун Киевге "аскерлерди 24 саатта алып кет" деген ультиматумунун мөөнөтү бүгүн кечинде бүтөт.

15-майда козголоңчулардын Славянск шаарынын ныптасындагы базасы жана Краматорск шаарынын четиндеги телемунаранын тегерегиндеги 5 чакырымдык контролдук тилке жикчилерден кайра бошотулганын Киев ырасмий түрдө маалымдаган.

XS
SM
MD
LG