Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:37

ЭВФ Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлөт


Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Кристиан Беддис жетектеген миссиясынын Кыргызстанга сапары учурунда белгилүү болду. Аталган миссия 6-майдан 16-майга чейин Бишкекте болуп, Кыргызстан менен жаңы келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын акырында фонд Кыргызстанга 15 миллион доллар бөлөт.

Бул каражат Кыргызстанга буга чейин фонд менен түзүлгөн үч жылдык кредиттик программанын негизинде берилүүдө. Аталган программа боюнча жалпысынан 105 миллион доллар каралган. Эми Кыргызстан анын жыйынтыктоочу суммасын алмакчы. (ZB/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG