Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

БУУ: Украинанын чыгышында адам укугу тынчсызданчу абалда


Украинанын чыгышындагы адам укугунун абалы “аябай начарлап” кеткен жана Орусиянын көзөмөлүндөгү Крымда да олуттуу проблемалар бар.
Бул жөнүндө БУУ даярдаган иликтөөдө айтылат.

Докладда БУУнун Адам укугу боюнча Жогорку комиссары Нави Пилайдын “Чыгыш Украинадагы зулумдуктар үчүн көбүн эсе куралдуу топтордун таасири астындагы адамдар жооптуу”, алар “өлкөнү бөлгөнгө жан талашып жаткандарды башкарып жатат сыяктуу” деген сөзүнө шилтеме жасалат. Докладда Крым татарлары кысмакка алынып, кодуланып жатканы да белгиленет.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги БУУнун докладын “объективдүү эмес”, “кош стандарттуу” жана украин өкмөтүн “аппак кылып көрсөтүүгө” аракеттенген деп сындады.

Доклад БУУнун байкоочулары Украинада 2-апрелден 6-майга чейин топтогон маалыматтардын негизинде даярдалган.

XS
SM
MD
LG