Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Москвада Ахмедов камакка алынды


Москва облустук полициясы бир жергиликтүү жарандын өлүмү менен коштолгон тополоңго байланыштуу бейбаштык кылды жана коомдук жайда арак-шарап ичти деп айыптап, 57 адамды камакка алды.

Камакка алуулар Пушкино шаарында 15-майда жүздөгөн адамдар Леонид Сафянниковду эскерүү зыяпатын коштогон тополоңдон соң болгону маалымдалды.
22 жаштагы Л. Сафянников 13-майда өзбекстандык мигрант Жахонгир Ахмедов менен мушташа кетип, алган жараатынан жан берген.

Албуутанган протестчилер шаардагы бир нече дүкөндү жана күркөнү кыйраткан. чатактан кийин Өзбекстанга качып кеткен 25 жаштагы Ахмедовду Орусиядагы туугандары жана өзбек жамааты кайта келгенге көндүрүштү. Ахмедовду 15-майда кечинде Домодедово аэропортуна учуп келер замат полиция камакка алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG