Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Украинадагы абал эми Харьковдо талкууланат


Украинанын чыгышындагы абалды деэскалациялоо боюнча сүйлөшүүнүн келерки айлампасы 17-майда Харьков шаарында болот. Бул жөнүндө Украина парламентинин вице-спикери Руслан Кошулынский билдирип, бирок ага кимдер катышарын айткан жок.

Биринчи сүйлөшүү 14-майда Киевде болуп, ага өкмөт өкүлдөрү, мурдагы лидерлер жана депутаттар катышкан. Бирок өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчил-козголоңчулардан эч ким болгон эмес.

Украин жетекчилиги жикчилдер сүйлөшүүгө катышкандан мурда каруу-жарактарын таштасын деген талап койгон. Алар болсо Чыгыш Украинадан аскерлер чыгарылып кетмейинче сүйлөшүүгө катышуудан баш тартканын билдирген.

25-майда Украинада президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG