Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Харьковдо кризисти жөнгө салуу боюнча талкуу өттү


Украина өкмөтү “улуттук биримдик” талкуусунун экинчи айлампасын өткөрдү. Харьковдо болгон жыйынга жикчилердин өкүлдөрү катышкан жок. Премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт регионалдык администрацияларга көбүрөөк укук ыйгарарын, бирок өлкөнү “бычмалоого” жол бербейт деди.

Тегерек үстөл Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жол картасына ылайык өткөрүлүүдө. Ал 25-майдагы президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү абалды жакшыртууну көздөйт.

17-майда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевди "сүйлөшүүлөрдү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы “агрессивдүү аракеттерин" жаап-жашыруу үчүн жүргүзүүдө" деп айыптады.

Украин өкмөтүнүн армиясы түн ичинде аба күчтөрү менен артиллерияны колдонуп, Словянск шаарына чабуул коюуга аракеттеништи.

XS
SM
MD
LG