Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Атамбаев жалган маалымат боюнча мыйзамга кол койду


17-майда Алмазбек Атамбаев кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган.

Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органы “жалаа” деген түшүнүктү “кылмыш жасагандыгы үчүн айыптоо” деген түшүнүктөн ажыратууну туура тапкан. "Анткени бул же тигил адам тарабынан жоопкерчиликке тартылчу кылмыш жасагандыгы жөнүндө маалымат таратуу “инсандын абийирине жана ар-намысына шек келтирген маалымат таратууга” караганда таптакыр бөлөкчө кесепет келтирет" деп жазылган билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG