Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Түркияда кырсык болгон кенде дагы 2 кишинин сөөгү табылды


Түркиянын Сома кениндеги кырсыктан өлгөндөрдүн саны 300 кишиден ашты. Куткаруучулар 17-майда дагы эки кенчинин сөөгүн табышты.

Энергия министри Танер Йылдыз 301 киши курман болгонун маалымдады. 13-майдагы кырсыктан 485 кенчи аман калды. Түркиянын жер-жерлеринде өкмөттүн кырсыктан кийинки аракеттерин сындаган нааразылык акциялары болду.

Полиция 16-майда Сомада чогулгандарга суу атма жана жаш агызчу газ колдонду. Премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын демонстранттардын бирине кыйкырып, ал эми анын жардамчысы бирөөнү тепкилеп жаткан видео тарагандан кийин элдин ачуусу ого бетер күчөдү.

XS
SM
MD
LG