Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Атамбаев бүгүн Си Цзиньпин менен жолугат


Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь менен жолугат. Президент Кытай мамлекет башчысынын чакыруусу менен 17-майда аталган өлкөгө кеткен.

Өлкө башчылары кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча мындан аркы пландарын талкуулашат.
Тараптар күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча пикир алмашат.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларга кол коюлмакчы.

21-май күнү Атамбаев Шанхай шаарында Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 4-cаммитине катышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG