Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Азат Үсөналиев Ташкендеги бокс мелдешинде баш байге утту


Бокс боюнча Өзбекстандын эмгек сиңирген машыктыруучу Сидней Жексонду эскерүү боюнча эл аралык турнирдин баш байгесин 52 килограмм салмакта кыргызстандык Азат Үсөналиев жеңип алды.

Дагы бир кыргыз мушкери Турат Осмонов экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн бокс боюнча өлкөнүн башкы устаты Адылхан Бекболотов билдирди.

Ташкендеги мелдеш 14-майда башталган. Ага он мамлекетткен спортчулар катышып жатат. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 10 мушкер кеткен. Алардын төртөө: Азат Үсөналиев, Турат Осмонов, Акжол Сулайманбек уулу жана Өмүрбек Малабеков финалга чыкты.

Мелдеш учурунда Каныбек Азамат уулу азербайжандык атаандашы менен беттешип, коло байгелүү болду. (КМа\SE)

XS
SM
MD
LG