Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Иран ири державалар менен ядролук келишим түзүшү мүмкүн


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф дүйнөлүк державлар менен ядролук келишим түзүү мурдагыдай эле “мүмкүн” экендигин билдирди. Зариф 18-майда Твиттерге: “Келишим түзүү мүмкүн. Бул жолу мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек”, - деп жазды.

Бул билдирүүлөр Венада 16-майда өткөн ядролук сүйлөшүүлөрдөн кийин жасалды. Ядролук программа боюнча төртүнчү жолку жолугушууга Тегеран, Улуу Британия, Кытай, Орусия, АКШ жана Германиянын өкүлдөрү чогулушту. Сүйлөшүүлөр Венада кийинки айда дагы уланат.

Ири алты держава Ирандан уран өндүрүүнү чектөөнү талап кылып келет. Эгер Тегеран бул сунушту аткарса, Батыш экономикалык санкцияларды жеңилдеткенге даяр.

Мындан мурда түзүлгөн убактылуу келишимге ылайык, Иран уран өндүрүүнү 20% чейин кыскартууга жана уранды 5% ашык байытпоого макул болгон. Ал келишимдин мөөнөтү быйыл 20-июлда аяктайт.

XS
SM
MD
LG