Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Кытай кыргызстандык 1500 студентти бекер окутат


Алдыдагы беш жылда Кытай өкмөтү кыргызстандык 1500 студентти акысыз окутууга макул. Президент Алмазбек Атамбаев жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь кол койгон эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү боюнча декларацияга ушул маселе да камтылды.

Мамлекет башчылар бүгүн Кытайда жолугушту. Кыргызстандан барган жаштар экономикалык-гуманитардык жогорку окуу жайларда билим алып, аларга Кытай өкмөтү стипендия төлөйт.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин чакыруусу менен 17-майда Бээжинге барган. Бүгүн эки тараптуу жолугушуулардын алкагында жалпысынан жети экономикалык келишимдерге кол коюлду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG