Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Крым татарлары депортацияланышына 70 жыл толду


Крым татарлары сталиндик депортациянын 70 жылдыгын белгилешти. 1944-жылы күч менен Орто Азияга көчүрүлгөн миңдеген крым татарлары жолдо ачкачылыктан жана ар кандай оорулардан ажал тапкан.

Бүгүн Украинанын ар кайсы шаарларында эскерүү акциялары өттү. Симферополдо бийлик чоң митингге уруксат бербегендиктен, чакан иш-чара өттү.

Би-Би-Си маалымдагандай, крым татарлары чогулган жерлердин үстүнөн орус тик учактары айланып турду. Ошондой эле аза күтүү акциялары Крымдагы Бахчисарай шаарында жана Украинанын Киев шаарында болду.

XS
SM
MD
LG